Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Оро айылдык Кеңешинин 9 чакырылышынын 25 сессиясы
2015-жылдын 18-сентябры № 01
Оро айыл аймагында “Берилл” ЖЧКсы иш алып барууга лицензия алууга уруксат берүү жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 9- чакырылышынын кезектеги 25-сессиясы Оро айылдык кеңешине “Берилл” корпорациясынын 08.09.2015-ж. корпорациянын аткаруучу директору Ч.Садыралиевдин кайрылуусун талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖЧК “ Берилл” корпорациясы 2015-жылдын 2-сентябрында Бакай-Ата районунда өткөрүлгөн тоорукта (аукциондо) Узун Таш капчыгайындагы “Берилий” кенинин иштетүүгө тоорукту утуп алгандыгына байланыштуу изилдөө иштерине лицензия алууга жана ишти 1(бир) жылга баштоого уруксат берилсин.
2. Изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн комиссия курамы бекитилсин жана изилдөө иштерин баштоодон мурда эки тараптуу келишим түзүлүп, бардык койгон талаптар эске алынсын.
3. Эгерде тараптардан мыйзам бузуулар болсо иш токтотулсун жана мыйзам чегинде жоопко тартылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысы Э.Сураповго жүктөлсүн.
Оро айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Акматов |