Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Оро айылдык Кеңешинин 9 чакырылышынын 25 сессиясы
2015-жылдын 18-сентябры № 02
1-май айылындагы стадионго Темирбаев Бекташтын ысымын берүү жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 9- чакырылышынын кезектеги 25-сессиясы Оро айылдык кеңешине 1-май айылынын тургуну Даниярова Марипанын жазган арызын талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-май айылындагы каналдын алды жагындагы стадионго маркум Темирбаев Бекташтын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 2002-жылдын май айындагы Оро айыл өкмөтүнүн чечими күчүндө калтырылсын.
2. Стадионго тиешелүү 1,40га жер аянтын жашылдандырып, көрктөндүрүп кароо жагы Даниярова Марипага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Сопубековго жүктөлсүн
Оро айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Акматов |