Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-февралы №19/118
Кызыл-Кыя шаарынын 2011-жылга мекеме-ишканалардын, жеке ишкерлердин жана атуулдардын шаардын аймагындагы жерлерди пайдалангандыктары үчүн зоналдык Кз-коэффициенти жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин коммуналдык обькетер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине жана 2008-жылдын 17-октябрындагы №231 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен колдонууга киргизилген 2008-жылдын 17-октябрындагы №230 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын 2011-жылга мекеме-ишканалардын, жеке ишкерлердин жана атуулдардын шаардын аймагындагы жерлерди пайдалангандыктары үчүн зоналдык Кз-коэффициенти жалпы шаар боюнча бардык экономикалык-пландаштыруу зоналарга бирдей 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын шаардык кеңештин коммуналдык обьктер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча жана бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Эранов
|