Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясы
2015-жылдын 25-марты № 6
Кыштут айыл өкмөтүнүн Кеңешинин депутаттары А.Айдаровдун арызын кароо, Ж.Ражабованын депутаттык мандаттарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыштут айыл өкмөтүнүн Кеңешинин депутаты А. Айдаровдун жазган арызын карап жана Кыштут айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С. Астанакуловдун маалыматын угуп, талкуулап Кыштут айылдык кенешинин V чакырылышынын XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айылдык кенешинин депутаты А. Айдаровдун депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү арызы канаатандырылсын.
2. Кыштут айылдык кенешинин депутаты Ж.Ражабованын депутаттык мандаты КР «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык 4 жолу катары менен себепсиз сессияга катышпагандыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
3. Таян, Сай шайлоо округдарынан кезектеги жергиликтүү Кеңештин депутаттыгына кандидатты чакыруу КР БШКнын жана аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Кыштут айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Зикиров |