Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясы
2015-жылдын 25-марты № 8
КР нын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 жер участокторун которуу жөнүндө Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмчөсүнүн, 12-беренесинин 3-бөлүмчөсүнүн негизинде жердин кыртыштык мелеоративдик, сапаттык абалын эске алып, башка категорияга которуу жөнүндө
Кыштут айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 20.03.2015-жылдагы №6 протоколунун негизинде КБФнын 855-контурунан 3,60га 962-контурунан 0,20га жер аянттарын сугат айдоодон баалуулугу теңдеш көп жылдык бак дарактардын тобуна которуу максатында Кыштут айылдык Кенешинин V чакырылышынын XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн КБФнын 855-контурдан 3,60га 962-контурдан 0,20га жер аянттарын баалуулугу тендеш көп жылдык бак-дарактардын тобуна которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кыштут айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кыштут айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Зикиров |