Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-августу №118
Сүлүктү шаардык кеңешинин регламентине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2011-жылдын 25-июлундагы № 06/06 токтому жана 2011-жылдын 11-августундагы №01-9/47 буйругу тууралуу мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Сүлүктү шаардык кеңешинин регламентине шаардык кеңештин депутаттык фракциялары жөнүндө кошумча бөлүм жана депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин жыйындарын (сессияларын) өткөрүү тартиби жөнүндөгү бөлүмгө өзгөртүүлөр киргизилсин
2. Сүлүктү шаардык кеңешинин регламенти толуктоолор менен кабыл алынсын. (Регламент тиркелет)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы
|
К.Сапарбаев |
Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин катчысы |
М.Джураева |