Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 13-октябры № 5
Үлүштүк түрткү берүүчү грантка жергиликтүү бюджеттин эсебинен тиешелүү үстөк пайызын бөлүп берүү жөнүндө
Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Балтабаевтин баяндамасын угуп, жана кенири талкуулап дем берүүчү грантка сунушталган долбоорлорду колдоо максатында Кыштут айылдык Кенешинин V чакырылышынын XX кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн караштуу Кыштут айылындагы клубту (маданият үйүн) үлүштүк түркү берүү грантынын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Кыштут айыл өкмөтүнүн 2016-жылкы жергиликтүү бюджетинен тиешелүү үстөк пайызы 300000(үч жүз миң) сом акча каражаты анын ичинен 200000 (эки жүз миң) сом акчалай каражат түрүндө, ал эми 100000 (жүз миң) сому материалдык жана эмгек иши менен каржылансын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кыштут айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы А. Н. Айдаровко жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кыштут айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Зикиров |