Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 23-декабры № 2
Кыштут айыл өкмөтүнүн кеңешинин депутаттарынын 3 жолу катары менен келбеген депутаттарына чара көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде жана Кыштут айылдык Кеңешинин этика комиссиясынын төрагасы М. Маматбековдун баяндамысын угуп Кыштут айылдык кенешинин V чакырылышынын XХI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айылдык Кеңешинин депутаттары Нарматов Дамин, Ергешов Амирбек жана Назаров Дамирбекке тартиптик жаза эскертүү берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кыштут айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Зикиров |