Редакцияот 10.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Байзак айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2014-жылдын 10-майы № 2

Байзак айыл аймагынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

2014-жылдын 13-мартындагы № 1 токтомунда каралган 30,0 миң сом айыл аймагына боз үй алуу үчүн бөлүнгөн акча каражатынын башка тарапка б.а « Байзак-Көлмө» капчыгайынын жолун оңдоого жумшоо боюнча Байзак айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 13-мартындагы № 1/1 токтомундагы айыл аймагына «темир боз үй сатып алууга 30.0 миң сом» деген сөз алынып салынсын.

2. Алынып салынган сөздүн ордуна «капчыгайдын жолун оңдоо үчүн Жайыт комитетине 30.0 миң сом которулуп берилсин» деген сөз менен толукталсын.

3. Бөлүнүп берилген акча каражатынын чыгымдалышы боюнча маалыматты айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына иш кагаздары менен бирдикте беруу жагы Жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.

4. Бул өзгөртүүнү сметага киргизүү,райондук финансы бөлүмү менен макулдашуу жана аны өз багыты менен жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБине тапшырылсын.

5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин

 

Байзак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Шурубеков