Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-августу №119
Сүлүктү шаардык кеңешинин регламентине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 25-августундагы №194 шаарлардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндөгү Жобого толуктоолор киргизүү жөнүндө токтомунун негизинде шаардык кеңештин регламентине киргизилген толуктоолор жөнүндө мыйзамдуулук, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Сүлүктү шаардык кеңешинин регламентине жергиликтүү өз алдынча башкарууунун башчысы шаардын мэрин шайлоо боюнча толуктоолор киргизилсин. (Регламент тиркелет)
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы |
К.Сапарбаев |
Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин катчысы |
М.Джураева |