Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-августу №1
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу» жѳнүндѳ мыйзамынын 49-беренесинин 1-6-бѳлүктѳрүнѳ 53,54-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиянын 2011-жылдын 12-августундагы №105 «Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоонун тартиби» жѳнүндѳгү Жобонун негизинде Ак-Сай айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу» жѳнүндѳгү Мыйзамынын 49-беренесинин 1-6 бѳлүктѳрүнѳ 53, 54-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 «Айыл округунун башчысын шайлоонун тартиби» жѳнүндѳгү кабыл алган Жобосунун негизинде айылдык кенештин Регламентинин 2-бѳлүмүнүн 26-беренесинин тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳртүүлѳр жана тоуктоолор киргизилсин:
- Айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди кѳрсѳтүүгѳ айылдык кенештин депутаты жана депутаттары укуктуу:
- райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеӊешке айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштоого укуктуу.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жагы айылдык кеӊештин мыйзамдуулук укук тартибин чыӊдоо этика жаштар коомдук жана саясий уюмдар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Сай айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
Н.Бердиев |
| 2011-жылдын 9-сентябрындагы Ак-Сай айылдык Кенешинин III чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын №1 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүмчөсүнө жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация” жөнүндөгү Мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлган квалификациялык талаптары” жөнүндөгү 2011-жылдын 10-августундагы №459 – Жобосунун жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин 2011-жылдын 12-августундагы №08/02 токтомунун негизинде Ак-Сай айылдык Кеӊешинин Регламентинин 2–главасындагы айылдык Кенештин компетенциясы жөнүндөгү 16-бөлүмүнө кошумча төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
- Кыргыз Республикасынын Прьемер-министринин айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына дайындалуучу талапкер тууралуу сунушун көрсөтмөсүнүн негизинде айылдык Кенештин депутаттарынын көрсөтүлгөн талапкерликке макулдук берүү менен чечим кабыл алуу.
- Айылдык кенештин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысына көрсөтүлгөн талапкерлерге айылдык Кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуш берүүсү менен өздөрүнүн макулдуктарын билдирүүсү
Ак-Сай айылдык округунун Кеӊешинин жооптуу катчысы |
Ы.Калмаматова |