Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-марты № 141
Сүлүктү шаарынын тургундарынын ичүүчү таза сууга төлөмдөрүнүн тарифи жөнүндө
Шаардын тургундарынын ичүүчү таза сууга төлөмдөрүнүн тарифи жөнүндө «Сүлүктү –Тазасууканал» ишканасынын директору Ш. Халовдун экология, таза суу, муниципалдык менчик, транспорт жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшмурзаевдин сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «Сүлүктү–Тазасууканал» муниципиалдык ишканасынын калкка көрсөткөн кызматы үчүн таза сууга болгон төлөмдөрдүн тарифи бекитилсин ( макулдашылган баалардын өлчөмдөрү тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын мэриясына жана «Сүлүктү-Тазасууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчилигине Ш. Халовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин экология, таза суу, муниципалдык менчик, транспорт жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин төрагасы | К.Сапарбаев |
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы |
М. Джураева |
| Депутаттардын Сулукту шаардык кеңешинин 2012-жылдын 15-март №141 токтомуна тиркеме
|
№ | Таза сууну колдонуудагы кызматтын түрү | Чен бирдиги | Таза суунун наркы | Канализация | Техниканын наркы |
1. | Көчө кранынан пайдалангандагы күндүк норма: Таза суу наркы 1 адам үчүн 1 айга 60 л х30 күн=1,8 м3 х 416 | 1 айга сом менен | 7-50 |
|
|
2. | Суу эсептегич курал менен 1м3 үчүн таза суунун наркы элге | 1 айга сом менен | 4-16 |
|
|
3. | Короо кранынан пайдалануудагы күндүк норма 110 л таза суунун наркы 1 адам үчүн 1 айга : 110л х30 күн=3,3 м 3 х 4,16 | 1 айга сом менен | 13-73 |
|
|
4. | Таза суу, канализациясы жакшы шарты бар (баня, ванна) квартиралар жана үйлөр үчүн күндүк норма 130л таза суунун наркы 1 адам үчүн 1 айга:130л х 30 күн= 3,9м3 х 4,16 | 1 айга сом менен | 16-22 | 15-16 |
|
5. | Бюджеттик мекемелер үчүн 1м3 суунун салык эсептелбегендеги наркы | 1 айга сом менен | 25-38 | 26-25 |
|
6. | Өндүрүштүк ишканалар үчүн 1м3 суунун салык эсептелбегендеги наркы | 1 айга сом менен | 34-13 | 31-50 |
|
7. | Коммерциялык мекеме ишканалар үчүн 1м3 суунун салык эсептелбегендеги наркы | 1 айга сом менен | 35-70 |
|
|
8. | Огороддорду жана дарактарды суугаруу үчүн: 1м2 х 15л х183 кун=0,23м3 х 6,60 | 1 айга сом менен | 1-52 |
|
|
9. | Атайын транспортторду пайдалангандыгы үчүн | 1 саатка Сом менен |
|
| 915-00 |
Сүлүктү шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
М. Джураева
|