ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Терек айылдык Кеңешинин XX сессиясы
2015-жылдын 2-февралы № XX/9
Бала бакчадагы балдарга берилүүчү тамактын суммасын көтөрүү жөнүндө
“Терекке-Береке” балдар бакчасынын жетекчиси А.Абикованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Терек айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Терекке-Береке» балдар бакчасына берилүүчү тамактын акчасы ата-энелер төлөгөн взностун эсебинен 11 сомго көтөрүлүп жалпы 29 сомдун тамагы берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы У.Казиевге тапшырылсын.
Терек айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Ажиева |