Редакцияот 02.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Терек айылдык Кеңешинин XX сессиясы

 

2015-жылдын 2-февралы № XX/11

Эмгек акы төлөө жөнүндө

Терек айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Казиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Терек айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек айыл аймагын көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жакшыртуу максатында айылдагы паркты жана жол боюндагы бактарды багуу үчүн бакчы жана от жагуу мезгилинде канторго от жагуу учүн отжагуучу кызматкерлер алынсын.

2. Эмгек акысы келишимдин негизинде ЖКХ бөлүмүнөн төлөнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы У.Казиевге тапшырылсын.

 

Терек айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Ж. Ажиева