Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Терек айылдык Кеңешинин XXI сессиясы
2015-жылдын 18-майы № XXI/2
Терек айыл ѳкмѳтүнүн 2016-2018-жылга карата бюджетинин чыгаша бѳлүгүнүн долбоорун бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳгү” мыйзамына ылайык жана бѳлүмүнүн башчысы О.Ажымамбетованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Терек айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин чыгаша бѳлүгүнүн долбоору 2016- 2017- 2018-жылдар үчүн бекитилсин. ( Тиркеме тиркелет 9 баракта).
2. Айыл ѳкмѳтү дотацияда тургандыктан, калкты коммуналдык жактан тейлѳѳдѳ башка чыгымдар үчүн, Кыргыз Республикасынын 2016-2017-жылдарга болжолу жѳнүндѳгү мыйзамда республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн теңдештирилген гранттын жана айыл ѳкмѳтүнүн доходу тартыш болгондугуна байланыштуу кошумча акча каражатын караштырып, бѳлүп берүүнү Ак-Талаа райондук финансы бѳлүмүнѳн, Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигинен сурайт.
Терек айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Ажиева |