Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-марты № 143
Сүлүктү шаарынын аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу жол кирелеринин өлчөмү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук каттамдардын жол кирелеринин өлчөмдөрү жөнүндө шаардык кеңештин экология, таза суу. муниципалдык менчик, транспорт жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош-Баткен облустук бөлүмүнүн 29-июнь 2011-ж. №74/5 буйругун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамдын 18-беренесинин 12-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын транспорт жөнүндөгү мыйзамынын 8-беренесинин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Сүлүктү шаарынын аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук каттамдарынын жол кирелери бир жүргүнчүгө 13 сом, шаарга каттап окуган мектеп окуучуларына 5 сом өлчөмүндө бекитилсин (макулдашылган баалардын өлчөмү тиркелет).
2. Жүргүнчүлөрдүн жана мектеп окуучуларынын шаардык маршуруттук катамдарда жүрүшүн уюштуруу жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин экология, таза суу жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасы |
К.Сапарбаев |
Сүлүктү шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
М.Джураева |
«МАКУЛДАШЫЛДЫ» «БЕКИТИЛДИ»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Сүлүктү шаарынын шаардык
монополияга каршы жөнгө салуу агенствосунун кеңешинин төрагасы
Ош-Баткен областтык бөлүмүнүн башчысы --------------Сапарбаева К.М.
---------------------------- Ж. Айбашов «-----«---------2011 г.
«--------« --------------2011 г.
Ст. Товарная- Кош - Булак пос.шаардык маршруттук каттамдардын өлчөмү
Кызматтын түрлөрү | өлчөмү | баасы |
Шаар ичинде бир адамды ташуунун өлчөмү | сом | 13,0 |
ОсОО «Тулпар» директору Кайымов Т. И.
Башкы бухгалтер Сатторов Х.