Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Терек айылдык Кеңешинин XXIII сессиясы
2014-жылдын 15-декабры № XVIII/2
«Керемет» коомдук үрөн фондусун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 2-беренесинин негизинде, Терек айылында «Керемет» коомдук үрөн фондусун ачуу жөнүндөгү чогулуштун токтомун угуп жана талкуулап, Терек айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек айылында уюшулган «Керемет» коомдук үрөн фондусу каттоодон өткөрүлсүн жана коомдук үрөн фондунун уставы бекитилсин.
2. Коомдук үрөн фондунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген уставга ылайык иш алып барышын камсыз кылуу жагы коомдук үрөн фонддун төрагасы Жангазиевге Уланга милдеттендирилсин.
Терек айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Ажиева |