Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXV заседаниеси
2015-жылдын 15-октябры № 25/1
Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылдын 10 айына карата бекитилген сметасындагы акча каражатынын кээ бир беренелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамынын 15-беренесине ылайык айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылдын 10 айына карата бекитилген сметасындагы акча каражатынын кээ бир беренелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн финансы бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаеванын билдирүүсүнүн негизинде
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XХV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамынын 15- беренесине ылайык, Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүүбюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылдын 10 айына бекитилген сметасындагы акча каражатынын кээ бир үнөмдөлгөн беренелеринен зарыл болгон беренелерге жылдыруу жагы каралсын:
бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Берененинаталышы | Берене | 4-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
701 | Аппарат | Имараттарды капиталдык ремонттон өткөрүү | 31112390 |
| -50,0 |
709 | Бала бакча | Имараттарды капиталдык ремонттон өткөрүү | 31112390 |
| -10,5 |
709 | Аппарат | Жабдыктарды жана эмеректерди сатып алуу | 31123290 | 41,5 |
|
708 | Клуб | Жабдыктарды жана эмеректерди сатып алуу | 31123290 | 19,0 |
|
|
| Баары: |
| 60,5 | 60,5 |
2. Жогорудагы акча каражатынын 2015-жылдын 10 айына карата бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлумүнөн суралсын.
3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы финансы бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковго тапшырылсын.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманахунов |