Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXV заседаниеси
2015-жылдын 15-октябры № 25/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн административдик имаратына жылуулук системасын куруу боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн административдик имаратына жылуулук системасын куруу боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору жөнүндө айыл өкмөттүн инвестиция тартуу боюнча долбоордун жетекчиси Т.Абдрахманов тарабынан даярдалган долбоордун негизинде
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XХV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн административдик имаратына жылуулук системасын куруу боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору жактырылсын.
2. Жошолу айыл өкмөтүнүн административдик имаратына жылуулук системасын куруу боюнча түрткү берүүчү гранттын долбоору 520 045 сомду түзүп,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 462 токтомунун негизинде 18 201 сом акча каражаты 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төгүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Долбоорго керектелүүчү төлөмдү өз убагында төлөп берүү жагы финансы бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковго жана айылдык кеңештин социалдык объектилер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманахунов |