Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXV заседаниеси
2015-жылдын 18-декабры № 26/2
Айыл аймагынын аксакалдар сотунун, участкалык инспектордун жана коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрүнүн аткарган иштеринин абалы
Айыл аймагынын аксакалдар сотунун, участкалык инспектордун жана коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрүнүн аткарган иштеринин абалы жөнүндөгү депутат Б.Кебекбаевдин маалыматынжана аксакалдар сотунун төрагасынын, участкалык инспектордун жана коомдук алдын алуу борборунун жетекчисинин отчетторун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XХVI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук алдын алуу борборунун жылдык иш планынын негизинде иш жүргүзүүнү коомдук алдын алуу борбору боюнча иш алып баруучу Ж.Зикиров тарабынан колго алынсын.
2. Мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусу менен коомдук алдын алуу борборунун укук бузуулардын алдын алуу ишин уюштуруунун абалы тууралуу координациялык кеңешмеде каралсын.
3. Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Участкалык инспектор У.Ыдырысовдун кылмыштуулуктун алдын алуу чараларын жүргүзгөндүгү жөнүндө 2015-жылдагы аткарган иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин жана 2016-жылга карата элдик жыйындарга катышып, коомчулуктун алдында квартал сайын отчет берип туруу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттөгү коомдук алдын алуу борборунун иш алып баруучусу Ж.Зикировго, ал эми көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы А.Абдиевага жүктөлсүн.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманахунов |