Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVI заседаниеси
2015-жылдын 18-декабры № 26/4
Жошолу айыл өкмөтүнүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылдын 12 айында бекитилген сметасында такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
”Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаеванын билдирүүсүнүн негизинде Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XХVI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
”Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылдын 12 айына бекитилген сметасынын төмөндөгү салыктын түрлөрүнө такталган планга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы каралсын:
бөлүм | Бөлүмдүн аталышы |
Берененинаталышы | бардыгы | 4-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | 11111100 | Киреше салыгы | 3,5 |
| |
2 | 11412100 | Сатуудан алынган салык | 44,8 |
| |
|
| Баары: | 48,3 | 44,8 | 3,5 |
2.Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар бөлүгүнүнүн чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылдын 12 айына бекитилген сметасынын төмөндөгү беренесинин такталган планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы каралсын:
статья | Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | бардыгы | 4-квартал | ||
көбөйтүү | Азайтуу | |||||
709 | Орто мектеп | Ар түрдүү кызмат көрсөтүү | 40,0 | 40,0 |
| |
709 | Негизги мектеп | Ар түрдүү кызмат көрсөтүү | 4,8 | 4,8 |
| |
702 | Жарандык коргонуу | Ар түрдүү кызмат көрсөтүү | 3,5 | 3,5 | ||
|
| БААРЫ: | 48,3 | 44,8 | 3,5 | |
3.Жогорудагы акча каражатын 2015-жылдын 12 айына акча каражатын 2015-жылдын 12 айына бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4.Өзгөртүү киргизилген токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун актарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманахунов |