ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVI заседаниеси
2015-жылдын 18-декабры № 26/8
Миязды айылынын тургундарынан келип түшкөн Миязды айылынын атын Кырнайза деп өзгөртүү жөнүндөгү арызын карап чыгып
Миязды айылынын тургундарынан келип түшкөн Миязды айылынын атын «Кырнайза айылы» деп өзгөртүү жөнүндөгү арызын карап чыгып Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миязды айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын 2015-жылдын « 20 » ноябрындагы № 16 протоколу жактырылсын .
2. Миязды айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын чечимин эске алып, айылдын атын «Кырнайза» деп өзгөртүү жөнүндө тиешелүү жогорку органдардан суралсын.
3. Миязды айылынын атын Кырнайза деп өзгөртүү жөнүндөгү айылдык кеңештин чечими тийиштүү жогорку органдарга билдирилсин .
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жошолу айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманахунов |