Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз заседаниеси
2016-жылдын 20-январы № 27/1
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Чат айылынын шайлоочуларынын 2016-жылдын 15-январындагы № 1 протоколун бекитүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Чат айылынын шайлоочуларынын 2016-жылдын 15-январындагы № 1 протоколунда сунушталган талапкер жөнүндөгү жооптуу катчы А.Абдиеванын билдирүүсүнүн негизинде Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XХVII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык комиссиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына сунушталган Мурзакеримов Мыктыбек Мурзакеримович жөнүндө Үч-Чат айылынын шайлоочуларынын 2016-жылдын 15-январындагы № 1 протоколу бекитилсин.
2. Үч-Чат айылынын тургуну Мурзакеримов Мыктыбек Мурзакеримович Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына сунушталсын.
3. Бул токтомду Борбордук Шайлоо Комиссиясына жөнөтүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы А.Абдиевага жүктөлсүн.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманахунов |