Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 26 сессиясы
2016-жылдын 21-январы № 1
Ноокат районундагы коңшулаш Бел айыл өкмөтү менен талаш жер аянты жөнүндө
Көңшулаш Бел айыл өкмөтү тарабынан мурдагы союз мезгилинде “Бел-Өрүк” колхозу менен Маданият колхозунун башкармалыгынын макулдугу менен, чек арада жайгашкан жерлерди пайдаланууда эки тарапка тең жеңилдиктер болушу жана өз ара пайдалуу шарттардын негизинде алмаштырылган. Азыркы күндө Бел айыл өкмөтү тарабынан бул жер маселеси көтөрүлгөн. Кыргыз мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо инстутуту “Кыргызмамжердолбоор” Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкана тарабынан 2014-жылдын 14- майындагы №256 катта көрсөтүлүшүнча 1991-жылда даярдалган Ноокат районуна караштуу Маданият колхозунун жерлерин инвентаризациялоо (архив №1299-4\5-99 китепчесинын жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн чарбалык субъектилеринин жерлердин корректировкалоо (архив №5709 шифр №3586) китепчеси материалдарында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта Тал айылынын “Күнгөй” участкасындагы жер тилкеси Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн балансында катталгандыгы аныкталган. Ош областтык жерге жайгаштыруу бөлүмү тарабынан түзүлгөн акт боюнча чийилген карталарда бул жер аянты көрсөтүлгөн. Бел айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматчы адистери менен 2014-жылдын 15- майында жер тилкеси боюнча түзүлгөн актта мурдагы колхоздор ортосунда жер алмаштыруу боюнча түзүлгөн кат туура экендиги белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22– августундагы № 632 токтомунда колхоздордун балансасында 1991-жылга чейин катталган жер тилкелери ошол колхоздун эсебинде калышы белгиленген.
Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы жогоруда аталган маселени карап чыгып, азыркы күндө өз ара талаш-тартыш болуп турган жер аянтында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундары турак-жай куруп жашап жаткандыгын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Мурдагы “Белорук” колхозу менен Маданият колхозу ортосунда алмаштырылган жер аянты Кыргыз мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо инстутуту “Кыргызмамжердолбоор” Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкана тарабынан 2014-жылдын 14- майындагы №256 катында белгиленген тартипте калтырылышы мыйзамдуу экендиги белгиленсин.
2 Бел айыл өкмөтү тарабынан көтөрүлгөн маселени туура эместиги, азыркы күндө Жаңы-Ноокат жана Бел айыл өкмөттөрүнүн тургундары өз ара келишүү жолу менен алмаштырылган жер тилкесинде турак-жай куруп жашап жаткандыгын эсепке алып, ушул маселени токтотуп эки айыл өкмөтү ортосунда өз ара наразычылыктар чыкпастыгын алдын алуу чараларын көрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |