Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 26 сессиясы
2016-жылдын 21-январы № 3
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги айылдык поликлиника имаратын подвал бөлүгүн №58 кесиптик лицейин акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы №58 кесиптик лицейин 2016-жылдын 15-январындагы № 21\1 катын карап чыгып, айыл жаштарына кесиптик билим берүүнү деңгээлин жогорулатуу, кесиптик лицейдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окуучуларга шарт жаратип берүү максатында айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинин эсебиндеги айылдык поликлиника имаратын подвал бөлүгүн узак мөөнөткө акысыз пайдаланууга берүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги айылдык поликлиника имаратын подвал бөлүгүн №58 кесиптик лицейине ижара акы албастан, акысыз пайдаланууга, келишим түзүү жолу менен берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2 №58 –кесиптик лицейдин билдирүүсүндө белгиленген мөөнөтө, аталган ремонт иштери 2 (эки) жылдын ичинде аткарылбаса, түзүлгөн келишим өзүнүн күчүн жоготушу кесиптик лицейдин директору А. Туланбаевге эскертилсин.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |