Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 26 сессиясы
2016-жылдын 21-январы № 4
Жаңы-Ноокат айыл аймагында 40 чөрө группасынын иштерин жандандыруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти чыңдоо, коомдук жайларда ар түрдүү мыйзамсыз иштерди болтурбоо, жаштар арасындагы ынтымактуулукту жакшыртуу, этностар аралык мамилелерди жөнгө салуу, өткөрүлүп жаткан ар түдүү марекелерде тынчтыкты сактоо иштерин жогорулатуу, жакшыртуу максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти чыңдоо, коомдук жайларда ар түрдүү мыйзамсыз иштерди болтурбоо жана жаштар арасындагы ынтымактуулукту жакшыртуу, этностар аралык мамилелерди жөнгө салуу иштерин жогорулатуу максатында 40 чөрө группасынын курамы жаңыланып, группанын иштөө ишмердүүлүгү күчөтүлсүн.
2. Жаңыланылган 40 чөрө группасын ишин кординациялоо, группанын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн керектелүүчү акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү иштерин камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жана айыл өмөтүнүн алдында түзүлгөн КААБ нун төрагасы А Хажимаматовго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |