Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 26 сессиясы
2016-жылдын 21-январы № 5
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылына балдар бакчасын куруу үчүн калтырылган 0.23 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылынын тургундары тарабынан балдар бакчасын куруу боюнча кайрылууларын, Кызыл-Тейит айылынын айыл башчысы А Матисманов жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Э. Эргашовдун 2016-жылдын 20-январындагы билдируүүсүн, Кызыл Тейит айылында уюштурулган “Ак-Жол” дыйкан чарба бирикмесинин 2004-жылдын 10-апрелиндеги №1 Кызыл-Тейит айылынын тургундарын социалдык жактан тейлөөнү жакшыртуу, элге социалдык шарт түзүү максатында дыйкан чарба эсебиндеги социалдык объектилер, балдар бакчасы,ФАП куруу үчүн калтырылган 0.23 га жер аянты жөнүндөгү токтомунун негизинде Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципииалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКОТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылында уюштурулган “Ак-Жол” дыйкан чарба бирикмесин 2004-жылдын 10- апрелиндеги №1 токтому менен калтырылган 0.23 га жер аянты социалдык объект балдар бакчасы,ФАП куруу максатында айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Өткөрүлүп берилген 0.23 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алып, балдар бакчасы, ФАП куруу үчүн мамлекеттик акт алуу жана керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |