Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 26 сессиясы
2016-жылдын 21-январы № 7
Жаңы-Ноокат айыл аймагында нике жана башка тойлорун тартиптүү өткөрүү чаралары жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагында нике жана башка тойлорду өткөрүүдө жана өткөрүлгөн тойлордон кийин айыл жаштары арасында коомдук тартипти бузуу иштерин алдын алуу максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагында нике жана башка тойлорду өткөрүүдө жана өткөрүлгөн тойлордон кийин айыл жаштары арасында коомдук тартипти бузуу иштерин алдын алуу максатында.
1. Нике жана башка тойлор көчө комитетинин төрагасы, айылдык кеңештин депутаты, айылдык милиция инспекторунун өкүлү катышусу менен өткөрүлүшү камсыз кылынсын.
2. Нике жана башка тойлор атайын чакырылган меймандар катышусунда өткөрүлүшү белгиленсин.
3. Нике жана башка тойлорга чакырылбаган кишилер тарабынан ар түрдүү талаш-тартыштар, тартип бузуулар болотурган болсо, тартип бузуучулар жоопкерчилике тартылышы белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу иштери Жаңы-Ноокат айыл өмөтүнүн башчысынын орун басары А.Хажимаматовго, айылдык участка милиция инспекторуна тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |