Загрузка документа…
ЖЫЛЫЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жылылды айылдык Кеңешинин (V шайланган) кезектеги XIX сессиясы
2015-жылдын 26-декабры № 92
Жылалды айыл өкмөтүнүн жайыттары жөнүндө
Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Эшек- Өлдү, Алдияр, Чоң-Жылантөр мал жайыттары Нарын облусунун жайыттары менен чектешип, жолу алыс , авто унаа каттабайт жана бир ай убакыт мал жаюууга мүмкүнчүлүк бар. Кар кеч кетип, ал жайыттардагы чөп июль айынын ортосунда өсөт. Ошондой эле жайыттардагы өскөнгө чейин мал жаюууга жакын аралыкта жайыт жок. Жогорудагы татаал шарттын негизинде 2225 га жайыты пайдаланылбай келүүдө. Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн негизинде жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн түзгөн актысы жана жайыт комитетинин төрагасы М. Джумабаевдин өтүнүч каты боюнча Жылалды айылдык Кеңешинин ( IV шайланган) XXII кезексиз сессиясынын отуруму жогорудагы коюлган маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жылалды жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015- жылга бекитилген бюджети өзгөртүлүп 150000 сом болуп бекитилсин. ( 196 000 сом болгон)
2. Пайдаланылбай калган 2225га жайыт жердин , жайыт жер салыгынан бошотуп берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик салык инспекциясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, салык боюнча комитеттин туруктуу комиссиясынын мүчөсү Султанбеков Абдыкадырга милдеттендирилсин.
Жылылды айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Акназаров |