Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XXX сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 2
Жалал-Абад шаарынын 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2014-жылдын шаардык бюджетинин аткарылышын карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Шаардык бюджеттин киреше бөлүгү (атайын төлөм каражаттарды жана келген трансферттерди кошкондо) жалпы салык жана салык эмес кирешелердин такталган планы 355128,3 миң сом, аткарылганы 352 807,4 миң сом болуп, анын ичинен атайын төлөмдөрдүн такталган планы 52 731,0 миң сом, аткарылганы 51 541,0 миң сом болду, республикалык бюджеттен келүүчү трансферттердин аткарылганы 16 333,9 миң сом болду. Чыгаша бөлүгүнүн бюджеттик каражаттар боюнча аткарылганы 298 027,5 миң сом же такталган планга салыштырмалуу (330 821,5 миң сом) 90,1 % га аткарылды, атайын төлөмдөр боюнча аткарылганы 48 032,0 миң сом же такталган планга салыштырмалуу (53483,4) 89,8 % га аткарылды. Шаардык бюджеттин 2014-жылдын аткарылышы шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесинде каралды.
Жогорудагыларды белгилеп, 2014-жылдын шаардык бюджетинин аткарылышы боюнча депутаттардын шаардык кеңешинин кезектеги ХХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык бюджеттин 2014-жылдын киреше бөлүгүнүн аткарылганы 352 807,4 миң сомду түзгөндүгүн эске алып, шаардык бюджеттин кирешесинин аткарылышы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга шаардык бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылганы 298 027,5 миң сомду түзгөндүгүн эске алып, шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Атайын каражаттардын чыгаша бөлүгүнүн аткарылганы 48 032,0 миң сомду түзгөндүгүн эске алып, шаардык бюджеттин атайын каражаттардын чыгашасынын аткарылышы №2а – тиркемесине ылайык бекитилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Ормоков |