Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-декабры № 37/149
Баткен областынын Кызыл–Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрүнөн резервке көрсөтүлгөн талапкерлерлерди сунуштоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 30–июнундагы №62 Мыйзамынын 19–беренесинин 1–бөлүгүнө, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 21–1–беренесинин 1–бөлүгүнүн 4)–пунктуна жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясын 2016–жылдын 11–январындагы №01–1/10–17 катына негиз, Кызыл–Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына резервке талапкерлерди көрсөтүү боюнча материалдар менен таанышып, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сын сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен областынын Кызыл–Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрүнөн резервке көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына сунушталсын (Көрсөтүлгөн талапкелердин сапаттык курамы жөнүндө маалымат тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А. Маткалыковго тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |