КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 18-январы № 37/151
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 32–беренесинин 2–бөлүгүнө, шаардык кеңештин Регламентине жана шаардык кеңештин КСДП фракциясынын 2016–жылдын 18–январындагы протоколунун чечимине негиз, шаардык кеңештин КСДП фракциясынан шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган депутат Джураев Сайдолимжан Маруфович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, шаардык кеңештин депутаттыгынан чыгып кеткендигине байланыштуу, шаардык кеңештин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоодо гендердик саясатты эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп КСДП фракциясынан депутат Алибаева Венера Курсановна шайланды деп эсептелсин.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |