Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-декабры № 37/152
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы)
туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 32–беренесинин 2–бөлүгүнө, шаардык кеңештин Регламентине жана шаардык кеңештин КСДП фракциясынын 2016–жылдын 18–январындагы протоколунун чечимине негиз, КСДП фракциясынан шаардык кеңештин депутаттыгынан чыгып кеткен депутаттын ордуна депутаттык мандат алган жаңы депутатты шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын курамына кошуу жана айрым туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү киргизүү максатында, депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин депутаты Арапов Марифжан Кочкорович шаардык кеңештин кеңештин ишкерлер,өнөр жай, транспорт.коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылып, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
2. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин ишкерлер,өнөр жай, транспорт.коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына депутаттык мандат алган жаңы депутат Тилаков Маматрахим Турдикулович киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |