Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XIX сессиясы
2016-жылдын 20-январы № 19/1
Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын
резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн зарыл саны калбагандыгына байланыштуу, анын зарыл санын толуктоо максатында, «КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» КР Мыйзамынын 19-беренесинин 7-пунктуна жана КР БШКсынын кайрылуусуна негиз, Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жарандардын жана коомдук уюмдардын чогулуштарынан келип түшкөн токтомдорду карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жарандардын жана коомдук уюмдардын чогулуштарынан көрсөтүлгөн талапкерлер Аксы районунун аймактык комиссиясынын резервине сунушталсын (тиркелет).
2.Кербен шаардык Кеңешинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамын бекитип берүү жагы КР БШКсынан суралсын.
3.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад
областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу
комиссиянын төрагасы Ж.Шакиевге жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин төрайымы |
К. Бостонов |