Редакцияот 20.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кербен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XIX сессиясы

 

2016-жылдын 20-январы № 19/2

Кербен шаардык Кеңешинин айрым депутаттарынын депутаттык ыйгарым

 укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыздары жөнүндө

 

 Кербен шаардык Кеңешинин депутаттары «Ата Мекен» саясий партиясынан Шадыбекова Бүзакира, «Замандаш» саясий партиясынан Зыябекова Угулай депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө арыздарын канааттандыруу максатында, «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» КР Мыйзамынын 3-беренесине жана Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 18-январындагы № 19 токтомуна негиз маселени карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Төмөнкүлөр,депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат орундарына дайындалганына байланыштуу, Кербен шаардык Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга макулдук берилсин:

- Шадыбекова Бүзакра - «Ата-Мекен» саясий партиясынан депутат, азыркы учурда Кербен шаарынын № 18 «Арча-Бешик» балдар бакчасынын жетекчиси;

- Зыябекова Угулай - «Замандаш» саясий партиясынан депутат, азыркы учурда Аксы райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси

2.Бул токтом КР БШКсынын кароосуна жөнөтүлсүн жана кезектеги талапкерлерге депутаттык мандат ыйгарып берүү жагы сунушталсын.

 3.Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн жана «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.

 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Шакиевге жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык

Кеӊешинин төрайымы

 

К. Бостонов