Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-майы №1
Төртгүл айылдык округунун Развилка участкасынан турак жай үчүн берилүүчү жерлерди бекитип берүү жөнүндө
Төртгүл айылдык округдук кеңешинин 4-чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы Төртгүл айылдык округунун башчысы Н. Артыковдун билдирүүсүн угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төртгүл айылдык округунун аймагындагы айылдардын турак жайга муктаж үй-бүлөлөрүнө Развилка участкасынан турак жай үчүн 60 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Ар бир турак жайга муктаж уй-булого 0,15 гадан жер участок болуп беруу жагы бекитилсин.
3. Жаңы айылга Ынтымак деген ат коюу жагы жактырылсын.
4. Жогорудагы турак жай үчүн берилүүчү жерлердин документтерин даярдап берүү жагы Баткен райондук архитектура жана курулуш башкармасынан жана Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
Төрт-Гүл айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Соорбаев |