Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XIX сессиясы
2016-жылдын 20-январы № 19/4
Кербен шаардык Кеңешинин иш-кагаздарын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
«КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаардык Кеңешинин бардык иш-кагаздары жана токтомдору мамлекеттик тилде жүргүзүү жана кабыл алуу жагы белгиленсин.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. 3. Токтом www. Kerben.Aksy. kg веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Шакиевге жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин төрайымы |
К. Бостонов |