Редакцияот 22.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов айылдык Кеңешинин 6 чакырылышынын II сессиясы

 

2015-жылдын 22-августу № 4-1

Пазилат эне балдар бакчасы жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагыдагы жайгашкан Күнгөй Кожоке айылындагы Кудайкулов Нурмат көчөсүндөгү жашаган Кудайбеордиева Апимза Дыйканеовнанын жеке менчик үуүнө уюштурулган « Пазилат эне» балдар бакчасынывн келишимин кароо жөнүндө. Н.Исанов атындагы айыл Кеңеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагыдагы жайгашкан Күнгөй Кожоке айылындагы «Пазилат эне» балдар бакчасынын келишими айыл өкмөтүнүн 2016-жылда карала турган бюджетине каралсын, айыл кеңешинин бюджети боюнча   туруктуу таблицасына тапшырылсын.

2. Жаңыдан уюшулган « Пазилат эне» балдар бакчасына 2015-жылда бекитилген бюджеттин эсебинен иштетилбеген беренелеринен 50,0 элүү миң сом акча жылытуу үчүн батарейкаларды коюуга ыйгарылып берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Н. Исанов айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Нурмаматов