Загрузка документа…
ТӨРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-августу №6
Төрт-Гүл айылдык округунун Чоң-Талаа айылынын аймагынан турак-жай үчүн берилүүчү жерлерди бекитип берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айылдык округдук кеңешинин 2011-жылдын 29-августунда өткөрүлгөн IV-чакырылышынын 21-сессиясынын протоколонун негизинде Төрт-Гүл айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айылдык округунун аймагындагы Чоң-Талаа айылындагы 1382 контурундагы КБФнын жерлерин турак жай үчүн муктаж үй бүлөлөрүнө 27 га көп жылдык бак аянты болунуп берилсин.
2. Ар бир турак жайга муктаж үй бүлөлүк 0,12 га дан жер участок болуп берүү жагы бекитилсин.
3. Жогорудагы турак жай үчүн берилүүчү жерлердин документтерин даярдап берүү жагы баткен райондук архитектура жана шаар курулуш башкармасынан жана Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
Төрт-Гүл айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Жапаров |