Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов айылдык Кеңешинин 6 чакырылышынын II сессиясы
2015-жылдын 22-августу № 4-6
Жар Коргон айылындагы «Акинай Гүлү» балдар бакчасынын 3-тайпасынын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу
Жар Коргон айылындагы «Акинай Гүлү» балдар бакчасынын кошумча ачылган 3-тайпасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу Жар Коргон айылынын жашоочуларынын суроталаптарын канааттандыруу максатында Н.Исанов айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жар Коргон айылындагы жашоочуларынын суроо-талаптары канааттандырылсын.
2. Жар Коргон айылындагы «Акинай Гүлү» балдар бакчасынын 3-тайпасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу маселени жогорку органдарга кат жөнөтүп чечүү жагы Ноокат райондук Билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Н.Исанов айылдык кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү, миграция жана саламатты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н. Исанов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Нурмаматов |