Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-декабры № 6-1
Таштандыларды бир жерге топтоп төгүү жана тазалык ишканасын ачуу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан айылдарда таштандылар көбөйүп жол боюнда жана чоң дарыялардын жээгинде төгүлүп жаткандыгын эске алып а/өкмөтү боюнча борборлоштуруп белгилүү бир жерге алып барып таштандыларды төгүү үчүн атайын жер ажыратылып берип тазалыкты сактоо боюнча муниципалдык ишкана уюштуру керектелип жаткандыгы үчүн а/кенешинин депутаттары макулдук токтом чыгарып берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан айылдарда таштандыларды төгүү боюнча бир жерге борборлоштуруп төгүү үчүн а/өкмөтүнөн мыйзамдуу түрдө жер ажыратылып берүү жагы а/өкмөтүнүн жер жана комуналдык иштер боюнча башкы адис А.Эсеналиевге жүктөлсүн.
- Муниципалдык тазалыкты сактоо боюнча ишкана уюшулсун, жана уюшулуп жаткан тазалык ишканасын уюштуруп ишке киргизүү жана ишкагаздарын мыйзамдаштыруу жагы а/кенешинин депутаты М.Сыдыковго тапшырылсын.
- Муниципалдык тазалыкты сактоо ишканасы уюшулуп бүткөндөн кийин а/кенешинин депутаттарына отчет берилсин.
Н. Исанов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Нурмаматов |