Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-декабры № 6-2
Барын үй бүлөлүк дарыгерлер тобун Жаны-Базар айылына алып келүү жөнүндөө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айыл тургундар Ноокат шаарына барып Барын үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна көрүнүп келүү үчүн азыркыучурда кыйынчылык болуп жаткандыгы түйшүкө салып жаткандыгына байланыштуу а/кенешинин депутаттарына а/өкмөтүнүн аймагында жашаган элдер арыз менен кайрылышкан буга кошумча кошуна жашаган Көк-Бел,Кенеш а/өкмөттөрүнүн тургундары да ушундай арыз менен кайрылышкан, Ошол арызды карап чыгып элдин муктаждыгын чечүү үчүн Барын үй бүлөлүк дарыгерлер тобун Жаны-Базар айылына алып келүү үчүн а/кенешинин департаменттери
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Н.Исанов атындагы аүөкмөтүнүн аймагындагы жашаган элдердин арызын канааттандыруу максатында Барын үй бүлөлүк дарыгерлер тобун ишканасын шарты бар Жаны-Базар айылындагы ооруканага көчүрүп келүү үчүн макулдук берилсин.
- Азыркы учудагы Барын үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып оорулуу адамдар үчүн жол каттоосунун ынгайсыз же тескери болуп жаткандыгын эске алынсын.
Ушул токтомго кошумча кошуна Көк-Бел, Кенеш айыл өкмөттөрүнүн тургундарын кайрылууларын эске алып саламаттыкты сактоо министрлигинен суралсын.
-Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы а/кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н. Исанов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Нурмаматов |