Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-декабры № 6-3
Аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Н.Исанов атындагы а/ өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан Чеч-Дөбө айылынын төмөн жагындагы 2006-жылы тамарка үчүн берилген Т.Калбаевдан ылдый жагындагы көчөнү аты жок бирок жаныдан үй салып жаткан жаштар ошол көчөнүн атын эскиден көп жыл Жаны-Базар почтасында иштеген Боронов Ысакбайдын атын коюу үчүн а/кенеш департаменттерине кайрылган ошондой эле Кожоке айылындагы 6-көчөнүн аты жок болгондугу жөнүндө 1941-1945-жылдардагы согуштун катышуучусу Алиев Дыйкандын атын берүү жөнүндө жана Кожоке айылындагы Келечек деп айтылып жүргөн көчөнүн атын көп жыл боюу элге кызмат кылган жолдо иштеген Алибеков Осмоналинин атын коюу үчүн а/кенешинин депутаттарын айыл тургундары арыз менен канааттандыруу максатында төмөнкүдөй а/кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы а/өкмөтүнүн аймагындагы Чеч-Дөбө айылында жашаган аты жок жаңы көчөнүн атын көп жыл элге кызмат кылып келе жаткан Жаңы-Базар почтасынын башчысы болуп иштеген Боронов Ысакбайга жаңы көчөнүн аты берилсин.
2. Н.Исанов атындагы а/өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан Кожоке айылындагы 6-көчөнун аты жок болгондугун эске алып 1941-1945-жылдардагы согуштун катышуучусу Алиев Дыйкандын атынан,көчөнун атын коюшка макулдук берилсин.
3. Н.Исанов атындагы кожоке айылынын Келечек көчөсунун атын өзгөртү жөнүндө көп жыл боюу жол кызматында иштеп элге эмгеги сиңген Алибеков Осмоналинин аты ыйгарылып берилсин.
-Н.Исанов атындагы а/өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок көчөлөрдун атын ыйгарып берилген көчөнүн аттарын жаздырып номерлерин илдиртип иретке келтирүү үчүн айыл башчыларга тапшырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Н. Исанов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Нурмаматов |