Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-декабры № 6-9
Н.Исанов айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме ишканалар жана жеке кожолуктар үчүн тазалыктарды сактоо жөнүндө
Н.Исанов айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган үй ээлери жана мекеме ишканалардын айлана чөйрөдөгү тазалыкты сактоо максатында айыл кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Н.Исанов атындагы айыл аймагында жайгашкан ар бир кожолуктан жылына 100 сомдон таштанды үчүн акча өндүрүлсун.
- Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекеме ишканаларда таштандылар үчүн 200сомдон акча өндүрүлсүн.
- Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн чектелген жерге таштандыларды алып барып таштабагандыгы үчүн 1-жолу 500сом,
2-жолу 1000сом, 3-жолу 2000мин сомго чейин айып пул салынсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы а/кеңешинин бюджет боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Н. Исанов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Нурмаматов |