Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-декабры № 6-12
“Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына мүчөлүккө талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын “Шайлоо комиссиясын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби “ жөнүндөгү , шайлоо комиссияларынын резерфин түзүүнүн жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү жоболордун талаптарына ылайык Н.Исанов атындагы айылдык округунун кеңешинин аймагында жайгашкан Жаңы-Базар айылынын Байыш фермер чарбасынын жамаатынын 11-январь 2016-жылдагы №1 протоколу, Жаны –Базар айылынын жамаатынын 2014-жылдын 14-январындагы №1 протокол жана ошондой эле Чеч-Добо айылынын Чеч-добо айыл чарба копоративинин 18-январь 2016-жылдагы №1 протоколунун негизинде сунуш кылынган Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерди талкуулап Н.Исанов атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлике сунуш кылган байыш фермер чарбасынын мүчөсү Бурканов Мустапакул Анваровичтин талапкерлигин көрсөтүү боюнча 11.01.2016-жылдагы №1 протоколун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлигине сунуш кылынсын ( протокол ж.б тийиштуу документтер тиркелет) .
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлике сунуш кылган Жаны-Базар айылынын жамаатынан Осмоналиев Алмазбек Шариповичтин талапкерлигин көрсөтүү боюнча 2014-жылдын 14-январындагы №1 протоколу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлике сунуш кылынсын. ( протокол ж.б тийиштуу документтер тиркелет) .
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлике сунуш кылган Чеч-Добо айылынын Чеч-добо айыл чарба коопоративинин жамааты Байдоолотов Абдисалам Пиратовичди 18-январь 2016-жылдагы №1 протоколунун негизинде сунуш кылынсын . ( протокол ж.б тийиштуу документтер тиркелет) .
Н. Исанов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Нурмаматов |