Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I чакырылышынын VI сессиясы
2013-жылдын 27-марты № 6/5
Жергиликтүү салыктар үчүн аймактык коэффициентти өзгөртүп бекитип берүү жөнүндө
Кадамжай шаарынын аймагында калктуу конуштардагы айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалануудагы жер салыктарын эсептөөдө колдонулуучу аймактык коэффициентин бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339 статьясынын 4 пунктуна негиз Кадамжай шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын аймагындагы калктуу конуштардагы жерлерди жана айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалануучуларга колдонуучу жер салыктарын эсептөө аймактык коэффициентин 2013 жылга 1,2 коэффициента менен бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык Кеңешинин бюджет каржы жана пландоо комиссиясынын мүчөсү М. Амановко жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Т. Камбаров |