Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-марты № 6/1
Кадамжай шаардык мэриясынын 2013-жылкы бюджетини бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык Кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Ураимовдун жана Кадамжай шаардык мэриясынын каржы бөлүмүнүн башчысы М. Жумаматовдун маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Кадамжай шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык Кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ураимов Эркиндин жана Кадамжай шаардык мэриясынын каржы бөлүмүн башчысы Жумаматов Мирландын, Кадамжай шаарынын 2013-жылга түзүлгөн бюджета боюнча билдирүүлөрү эске алынсын.
2. «ОАБнын каржы экономикалык негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын эске алып, 2013-жылкы бюджетинин киреше бөлүгүн 43186,0 миң сом эсебинде бекитилсин, анын ичинде салыктык жана башка кирешелер 39690,7 миң сом, атайын каражаттар 3495,3 миң сом, категориялдык гранттар 11005,2 миң сом, «тиркелет».
3. Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2013-жылга 43186,0 миң сом, эсепте, анын ичинде атайын каражаттар боюнча 3495,3 миң сом бекитилсин. Категриалдык гранттар 11005 миң сом бекитилсин.
4. Кадамжай шаардык мэриясынын фонду бюджетинин чыгаша бөлүгүн алганда 1% эсебинде 451,9 миң сом бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык Кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ураимов Эркинге жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.М. Камбаров |