Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Халмион айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2015-жылдын 21-сентябры № 24/3а
Халмион айыл өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата түзүлгөн өнүгүү стратегиялык планына кошумча пункт киргизүү жөнүндө
Тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржыланып УВКБ ООН жана талеранттуулук фонду аткарып жаткан “ Элдердин, жамааттардын, бийликтин ортосундагы карым катнашты чыңдоо” долбоору тарабынан сунушталган Халмион айыл өкмөтүнүн 2015-2017- жылдагы өнүгүү стратегиялык планына тынчтык куруу жөнүндө кошумча пункт киргизүү маселесин карап талкуулап чыгып Халмион айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Халмион айыл өкмөтүнүн 2015-2017-жылдардагы өнүгүү программасына тынчтыктуу куруу жөнүндө кошумча пункт киргизилсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын козомолдоо жагы Халмион айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча комиссия курамына тапшырылсын.
Халмион айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Сиддиков |