Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIV сессиясы
2015-жылдын 17-марты № 14/6
«Кайып –Ата» уроончулук чарбасынын жер аянтынын ижара (аренда) мөөнөтүн узартып берүү жөнүндө
«Кайып–Ата» уроончулук чарбасынын башчысы А.Джусуповдун билдируусун угуп жана талкуулап Кара –Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2015 жылдын 15 сентябрындагы № 17/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2015 жылдын 15 сентябрындагы № 17/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 19.07.2001-жыл № 364 “Мамлекеттик асыл тукумдук жана уроончулук чарбалардын абалын ондоо боюнча кечиктирилгис чаралар жонундогу” жана жогорудагы токтомго озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундогу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 27.09.2004-жыл №721 токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 15.04.2002-жылдагы №702 –II токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлерин кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага беруу шарттары жана тартиби тууралуу типтуу» жобону жетекчиликке алуу Кара –Кулжа айыл өкмөтүнун башчысынын милдетин аткаруучу А.Жороевго жуктолсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 26.07.2013-жыл № 376 “2009-2011-жылдарда иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестатциялоодон откон жана мамлекеттик фондго топтоо учун сорттук уроон ондурууго катышкан Кыргыз Республикасынын уроончулук чарбаларынын , мамлекеттик сорт сыноо учаскаларынын тизмесин бекитуу жонундогу” токтому менен “Кайып –Ата” уроончулук чарбасы сертификатталган кылкандуу дан эгиндеринин уроонун даярдоо боюнча аттестатциядан откондугун эске алышсын.
5. «Кайып –Ата» уроончулук чарбасынын башчысы А.Джусупов:-
Сапаттуу кылкандуу дан эгиндеринин уроонун даярдоо,
Кылкан аярлуу катмарына женилдетилген кызмат корсотуу ,
Ижара (аренда) толомдорун оз убагында толоп турууга ,
Айыл өкмөтү менен тузулгон келишимди аткарууга ,
Курчап турган айлана чойрону кароого ,
Ижара жер аянтын максатка ылайык колдонууга,
Чектеш жер тилкелерин пайдалануучулар менен адамдарыдын укугун бузбоого ,
Ортко каршы талаптарды сактоого,
Келишимдин шарттары бузулганда , ченемдик укуктук актылардын негизинде ижарага берилген жер аянтын айыл өкмөтү кайтарып алуу укугуна ээ экендигин эске тутуу жагы ижарачыга (арендаторго) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Депутаттардын Кара-Кулжа айыл Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Абдыкадыров |