Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2015-жылдын 12-июну № 15/5
Кара –Кулжа районунун шаар куруу Кеңешинин жыйынынын чечимин бекитүү жөнүндө
Кара –Кулжа районунун Биймырза айылынын тургуну жол . Курманбек Жээнбековдун «Кара –Кулжа айылындагы Токтомамат Жээнбеков кочосунун тундук тарабына же болбосо Т.Жээнбеков кочосу менен Ч.Пазылов кочосунун кесилишине атам Токтомамат Жээнбековдун айкелин коюуга уруксат беруунузду суранам» -деп Кара –Кулжа районунун шаар куруу Кеңешинин төрагасы Б.Мажитовго 2015-жылдын 26-майында жазган арызын кароо боюнча Кара –Кулжа районунун шаар куруу Кеңешинин жыйынынын № 2 –протоколдук чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Кара –Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара –Кулжа районунун шаар куруу Кеңешинин жыйынынын 2015-жылдын 1-июнундагы № 2 –протоколдук чечими жактырылсын.
2. Улуу Ата –Мекендик согуштун ардагери , Токтомамат Жээнбеков кочосунун ысымын алып жургон Токтомамат Жээнбековдун айкели Кара –Кулжа айылындагы Токтомамат Жээнбеков кочосунун тундук тарабына же болбосо Т.Жээнбеков кочосу менен Ч.Пазылов кочосунун кесилишине орнотууга уруксат берилсин.
3. Айкелди орнотууга болунгон жер участогунун архитектуралык пландоо шартын (АПШ) тузуу райондук архитектуранын башкы архитектору Ж.Чобоевге жана айкелди каттоого алуу жагы Кара –Кулжа районунун кадастр жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы Э.Абдраевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жээнбековго тапшырылсын .
Кара-Кулжа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Абдыкадыров |